Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Исфанада ата-энесинен ажыраган балдар үчүн билим борбору курулуп жатат

Turmush -  Исфана шаарында ата-энесинен ажыраган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн курулуп жаткан билим борборунун курулушунун 90%ы аяктады.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, «Ак-Чыйыр» балдардын билим борбору 1-сентябрда пайдаланууга берилет. 4 имараттан турган борбор Кувейт мамлекетиндеги демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен 315 окуучуга ылайыкташтырылып, жатакана, ашкана, спорт аянтчасы менен заманбап шартта курулууда. Бул борбордо балдар акысыз билим алып, тамак-аш, кийим-кече менен камсыз болушат.

Балдарга орус, англис, араб тилдерин үйрөнүп, компьютердик технологиянын жардамы менен заманбап билим алууга бардык шарттар түзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 631
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×