Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баткен

Быйыл Сүлүктүдөгү шахталарда 9 адам каза болду

Turmush -  Жыл башынан бери Сүлүктү шаарындагы шахталарда ар кандай кырсыктардан улам 9 адам каза болду. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-августта шахталардын биринде 37 жаштагы С.С. эч кимден уруксат албастан, өз алдынча казуу иштерин жүргүзүп жатканда кырсыктап каза болду. Ал экскаваторчу менен кошо чуңкур казып, көмүрдү көрүү үчүн төмөн түшкөн учурда жар көчүп кетип, болжол менен 600 метр куб урандынын алдында калган. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу, 50 шахтер барып, 2 оор техниканын жардамы менен 4 саатка жакын убакытта анын денесин урандынын астынан алып чыгышты.

Сүлүктүдө кен казган 150 ишкана катталса, анын ичинен 31 ишкана гана иштейт. Облус жетекчилиги аймактагы шахталардын коопсуздугун текшерүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1561
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×