Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Ишкер менен чырдашкан УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн мурунку башчысынын ишине Жогорку сот чекит койду

Turmush -  Бүгүн, 14-августта УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Замирбек Жолболдиевге козголгон иш Жогорку сотто каралып, Ош облустук сотунун актоо чечими күчүндө калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Азатбек Бектемиров билдирди.

УКМК кызматкери менен жеке ишкер Зарылбек Мааткалыков 2016-жылдын 25-сентябрына караган түнү чырдашкан.

«Замирбек Жолболдиевге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-234-112-беренелери менен кылмыш иш козголгон эле. Аны Ош шаардык, облустук сот да актаган. Ош облустук аскер прокуратурасы Жогорку сотко арыздангандыктан, ал иш бүгүн каралды. Жыйынтыгында кылмыштын курамы далилденбегендиктен актоо чечими күчүндө калтырылды. Ишкер да тосмо арыз жазып, доосу жок экенин айткан», - деди жактоочу.

Бул окуя тууралуу жабырлануучу ишкер арыз жазган учурда маалымат берген.

Зарылбек Мааткалыков

IMG-20160926-WA0029

«Унаанын артынан кууп келип, сабап киришти. Жанымда келинчегим да бар болчу. УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы ур-тепкиге алды, башыма тапанча менен урду. Алар төртөө болчу.

Мени сабап жатканда окуя тууралуу милицияга ошол жактагы адамдар кабар беришкен. Ошол жерден милиция келип, колго түшүрдү. Замирбек милиция кызматкерлерин да коркутууга аракет кылды. Ал ошол учурда мас болчу.

Мен мыйзамды сыйлаган адаммын. Мыйзамдуу түрдө жоопкерчилик тартышы керек. Менден "үлүш" ("доля") сураганда да мыйзамдуу ишкер экенимди айткам. Азыр чындыгында көчөгө чыгуудан да коркуп жатам. Мыйзам барына бирдей болот. Тиешелүү органдардан адилеттүү иликтөө жүргүзүүнү суранам. Тааныш-билиштик кылып, материалдар бурмаланбашы керек», - деген З.Мааткалыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1174
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу