Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Кадамжайда унаа сүзгөн 11 жаштагы кыз ооруканада көз жумду

Turmush -  Кадамжай шаарында 23 жаштагы айдоочу унаасы менен сүзгөн 11 жаштагы кыз ооруканадан көз жумду. Turmush басылмасынын кабарчысы булактарга шилтеме берүү менен билдиргендей, 11-августта саат 19:15 чамасында Кадамжай шаарындагы Пүлгөн айылынын 23 жаштагы тургуну башкарган унаа борбордук А.Орозбеков көчөсүндө бара жатканда башкаруусун жоготуп, 11 жаштагы кызды сүзүп токтогон.

Жабырлануучу оор абалда Кадамжай аймактык ооруканасына жеткирилип, бирок дарыгерлердин аракетине карабастан көз жумган. Бул кырсык боюнча тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2505
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×