Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 100 баланы эс алууга жөнөттү (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаардык мэриясы окуучулардын жайкы эс алуусун жогорку уюшкандыкта өткөрүү максатында «Абшыр-Ата» балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерин оңдоп-түзөө иштерин мөөнөтүндө бүтүрдү. Мекеме педагогикалык жогорку билимдүү тарбиячылар, медициналык кызматкерлер менен кызматташып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 балага эс алууга жолдомо берилген.

Кечээ, 11-августта «Абшыр-Ата» балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерине дагы 100 бала мамлекеттик ишканалардын профсоюздук уюмдарынын эсебинен 10 күнгө жөнөтүлдү. Окуучуларды Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаев, шаардык кеңештин төрайымы У.Дарипова,  вице-мэр А.Маткалыков, билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрайымы М.Буванова жана башкалар узатышты. Балдардын коопсуздугун патрулчулар көзөмөлгө алып, коштоп кетишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1890
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×