Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Баткен шаарынын эли булганган суу ичүүгө мажбур болууда

Turmush -  Баткен шаарындагы жергиликтүү эл суу түтүктөрдөн булганган сууну ичүүгө мажбур болууда. Бул тууралуу шаар тургуну Махаматали Ысманов билдирди.

Анын айтымында, шаардагы суу түтүктөр тешилип, айрым жол боюнда көлчүк пайда болуп, кайрадан түтүккө кирип жатат. Натыйжада чорголордон булганган суу чыгууда. Баткен шаарында суу суткасына 2 саат гана берилгендиктен шаар тургундары айласыздан булганган сууну ичүүгө мажбур болууда.

«Бул меселе боюнча шаардык мэрияга бир нече жолу кайрылганбыз. Бирок, шаардык бийлик түрдүү шылтоолорду айтып, жоопкерчиликтен качууда. Бул маселе тез арада чечилбесе эл арасында түрдүү жугуштуу оорулар пайда болушу мүмкүн», - деди Ысманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 608
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×