Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

Баткендеги Андыген жайлоосунда бала бакча ачылды

Turmush -  Баткен районунун Андыген жайлоосуна дагы бир жайлоо бала бакчасы ачылып, иштеп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Бала бакчанын тарбиячысы Айгүл Турдубекованын айтымында, учурда 23 жеткинчек тарбияланууда.

«Бала бакчанын ачылганына аз эле күн болду. Бакчабызга үй-бүлөсү менен жайлоого чыккан балдар келет. Июнь айынан тартып 15- августка чейин иштейбиз. Жаңы ачылган бакча чакан. Тарбиялануучулар аз болгондуктан мен жалгыз тарбиячымын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 542
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×