При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Баткенде 40 градус жылуу суу чыккан Жылуу-Сууга дарылануу үчүн келгендер арбын

Turmush -  Баткен районунун «Жылуу-Суу» профилактикалык жайында дарылануу кызуу жүрүп жатат.

«Жылуу-Суунун» өкүлдөрүнүн айтымында, бул жерде тоо боорунан 40 градус жылуулукта суу чыгат. Анын курамында 34 элемент бар болгондуктан көптөгөн оорулардын, айрыкча тери ооруларынын айыгышына жардам берет. «Жылуу-Сууга» чет өлкөлүктөр да келип турушат. Эс алуучулар үчүн жатакана, сууга түшүүгө шарттар түзүлүп жатат.

30-40 орунга ылайыкташтырылган профилактикалык жайда көпчүлүк учурда орундар калбай калат.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу