Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Видео — Кадамжай—Кызыл-Кыя жолунда адам өмүрү кыйылган жол кырсык

Turmush -  4-августта Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүндө 2 унаа кагышып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Кадамжай РИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, саат 15:30 чамасында «Дэу Тико» үлгүсүндөгү 2 унаа кагышкан. Анын кесепетинен 2 адам оор жаракат алып, 29 жаштагы жигит каза болгон. Оор жаракат алгандар Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан кырсыктын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1046
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×