Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Кадамжайда сел жүргөн аймактарда оңдоо иштери жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Кадамжайда сел алган жерлер кайра калыбына келтирип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун аймагында 11-июль күнү болуп өткөн селдин кесепетин жоюу максатында Орозбеков айыл аймагындагы Охна сайынын 7500 метр аралыгын тазалоо жана жээктерин бекемдөө иштери аткарылууда.

Ага кошо Кадамжай шаарынын Автобаза көчөсүн, Пүлгөн, Таш-Кыя айылдарын бириктирүүчү ички чарбалык көпүрөлөрүн калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Чаувай айылында 390 метр сай жээги чоң таштар менен бекемделүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1110
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×