При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Жумгалдыктар аялдаманын ордуна соода жай курган айыл өкмөттүн жер адисине нааразы (фото)

Turmush -  Жумгалдыктар Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн имаратынын маңдайындагы арыктын үстүнө аялдама куруунун ордуна соода жайын түптөп жаткан айыл өкмөттүн жер адисинин ишине нааразы болууда. Бул тууралуу айыл тургундары аймактык кабарчыга билдиришти.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, аталган жайга айыл өкмөттүн жер адиси аялдама курам деп уруксат алып, бирок соода жайын куруп жатат. Ал курулуштун жанында «Байчечекей» бала бакчасы бар жана анын артында айдоо аянты жайгашкан. Ал эми, алдында айыл өкмөттүн имараты турат.

«Бул жерге аялдама керек эле. Аялдама курам деп уруксат алып, бирок соода жайын куруп жатканы туура эмес. Бул боюнча айылдык кеңеш канчалык деңгээлде иш алып барды билбейбиз. Бирок, бала бакчанын жанын базар кылып алуу калыстыкка жатпайт. Бул жер кызыл сызыкта жайгашкан», - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Ал эми, айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаев бул жер айылдык кеңеш тарабынан чечилгенин жана жер комиссиясы тарабынан уруксат берилгенин, ошондой эле ал жер аялдама боло турганын тастыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 932
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
JUMGAL.KG
10:47, 10 августа 2017
Кеңештин төрагасы Азат Сасыкулов мырза Каракечеде жетекчи ал айылда эмне болуп атканын билбейтго. Бала бакчанын жанына магазин кантип болсун ушу уят да өзү. Депутаттар көзөмөлдөп тизгиндерин бууп койбойбу же алардын баштары оорубайбы айылдын көркү, келечек муундардын келечеги кызыктырбайтго
Нет аватара
mirbekasanaliev
10:43, 10 августа 2017
Негизи бул жерге аялдаманын зарылчылыгы жок. Ал жерде асфальт жок чаң сапырылат унаа өткөн сайын. Анан элестеткиле чаңда остановкада отурганыңды). Просто тургундардын нааразы болгону бул жерге аялдама деп убактылуу жай деп уруксат алып бирок капиталдык курулуш жүргүзүп фундамент куйганы жана аны соода сатык түйүнү кылуу дымагы менен жасап жатканына болуп жатышат.
А так аялдаманы бирөө жөн эле салып койбойт да, ооба кызыкчылык бар. Жергиликтүү кеңештин депутаттары көзөмөлдөш керек.
Нет аватара
mirbekasanaliev
10:38, 10 августа 2017
Цитата: moison 10:35, 10.08.2017
Бул айылда бычакка сап адам жокпу айыл өкмөт боло турган эй Жылдыздар? Кейипиңер ушул айыл өкмөттүн кейипиндей болсо анда ишиңер бүтүптүр. Могу Күчүктөгү жерлериңерден чуу чыгып атыптырго айыл өкмөттө иштегендер өздөрүнүн тууган урукташтарына эле жерлерди бере бериптир. Ары жок мурдагы айыл өкмөт Тултуковдо бет жок экен, барын талкалап кетти эми культурага барып да маданиятты тряпка кылмай болду анынар. Мындай качан иш болот ыя?

Moison АЙЫЛДА БЫЧАКА САП АДАМ ТОЛТУРА, БУЮРСС БААРЫ ЖАКШЫ БОЛОТ. БИР ЭЛЕ АКЫЛСЫЗДЫН КЫЛГАН ТЕСКЕР ИШИ МЕНЕН БҮТ АЙЫЛДЫ ЖАМАН КӨРБӨ ДА. ЖАШТАР БАРБЫЗ ИШТЕШЕТ БУЮРСА ДЕПУТАТТАР ЖАШТАР, ИШ БИЛГИ АДАМДАР БААРЫ. ЭМИ ОҢОЛОБУЗ ДА КОЙ АНТПЕ
Нет аватара
moison
10:35, 10 августа 2017
Бул айылда бычакка сап адам жокпу айыл өкмөт боло турган эй Жылдыздар? Кейипиңер ушул айыл өкмөттүн кейипиндей болсо анда ишиңер бүтүптүр. Могу Күчүктөгү жерлериңерден чуу чыгып атыптырго айыл өкмөттө иштегендер өздөрүнүн тууган урукташтарына эле жерлерди бере бериптир. Ары жок мурдагы айыл өкмөт Тултуковдо бет жок экен, барын талкалап кетти эми культурага барып да маданиятты тряпка кылмай болду анынар. Мындай качан иш болот ыя?
Нет аватара
moison
10:30, 10 августа 2017
Кыдырмаев деген мурда катчы болуп жүрүп айыл окмоттун системасын жакшы билет, бирок иш жок, иш алып бара албайт. Айла жок башка кадр жок ушул жел куурай келген. Деле бир кабагы ачылбайтго ыя? ачыбай калган айран же камырдай болуп
Нет аватара
moison
10:28, 10 августа 2017
Этот айыл окмоту вопше тупой, зачем это, зачем остановка оздорунун кызыкчылыгы бар да ошон учун оз билгендерин кылып жатышат
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу