Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык Х.Хушанов коондун жаңы сортун өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Дыйкан Хабибилла Хушанов Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Бүргөндү массивинде коондун жаңы сортун өстүрүүдө. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Анын айтымында, Өзбекстандан жаңы алынып келген коондун сорту кемпир коон деп аталат. 1 гектардан ашык жерден 300 тоннадай түшүм алат. Мындай түшүмдү 2010-жылдан бери алып жатышат. Жалпы кирешеси 150 миң сомдон ашат.

«Коондун түрлөрүн Өзбекстандан алып келебиз. Ар бир түптөн 5-6 даана коон алынат. Коондун бул сорту өтө жумшак болгондуктан кемпир коон деп атап коебуз. Чарбакта коондун мындан башка 5 түрү өсөт», - деди дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 910
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×