При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Сырт айылында 4 жылдан бери бүтпөй жаткан мектептин курулушу сапатсыз деп бааланды

Turmush -  Сырт айылындагы 4 жылдан бери курулуп жаткан 375 орундуу, 3 кабаттуу мектептин курулушу сапатсыз бүткөрүлүүдө. Бул тууралуу облус жетекчилери мектептин курулушу менен таанышкан учурда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, мектеп 2013-жылы курулуп баштаган. Облус жетекчилери курулуш ишканага имаратты 1-сентябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Буга чейин айылдагы эски мектеп жер титирөөдөн кийин ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган болчу. Мындан улам балдарынын коопсуздугуна кабатырланган айыл эли жаңы мектептин ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 450
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу