Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

Исфанада өзбек келиндер Курманжан датканын элеси түшүрүлгөн сайма сайышты

Turmush -  Исфана шаарында жашаган өзбек кыз-келиндер Курманжан датканын элеси түшүрүлгөн сайма сайышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Чеберлердин бири Ижобад Туйчиеванын айтымында, ал үчүн жалпы 6 келин эмгектенип, 6 ай аралыгында саймалап бүтүрүшкөн.

«Биз Кыргызстанда жашайбыз жана кыргыз баатырлары менен сыймыктанып келебиз. Курманжан датка да Кыргызстандын тынчтыгы үчүн күрөшкөн. Алардын эр жүрөктүгүнөн биз тынч заманда жашап жатабыз. Албетте, мындай аялдарды даңазалоо керек», - деди ал.

Курманжан датканын элеси түшүрүлгөн сайма өзбек диаспорасынын атынан көргөзмөлөрдө көрсөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1101
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×