Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Эл ичи — өнөр кенчи: Грэпплинг боюнча 8 жолку чемпион Б.Өмүрзаков балдарды машыктырууда (фото)

Turmush -  Сүлүктүлүк 28 жаштагы Бексултан Өмүрзаков грэпплинг боюнча 92 кг салмакта Кыргызстандын 8 жолку чемпиону болду. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепти аяктагандан кийин Калининграддан жогорку билим алган.

«Спорт менен окуучу кезимден бери машыгып келем. Окуучу кезде белбоо, баскетбол, волейбол ойночумун. Грэпплинг менен машыктыруучум Чекиров Кенжебек агайдын колуна 2012-жылы келгенден бери машыгып келем. 2017-жылга чейин 92 кг салмак менен Кыргызстандын 8 жолку чемпиону болууга жетиштим.

Мындан тышкары, эрежесиз эр таймаш боюнча ийгиликтерди жараттым. Атаандаштарым күчтүү болгондуктан тынбай машыгуу залына барам. Көпчүлүк учурда Ысык-Көлдүн жээгинде даярдык көрөбүз», - деди ал.

Спортчу учурда Бишкек шаарында жаш жеткинчектерди машыктыруу менен да алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1004
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×