При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: Лейлектик 13 жаштагы Муратбек президент А.Атамбаевдин портретин тартты (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кара-Булак айылындагы 13 жаштагы сүрөтчү Муратбек Рыскулов президент Алмазбек Атамбаевдин портретин тартты. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, 1-классынан баштап сүрөт тартууга кызыгуусу артып, 3-классында сүрөт ийримине катыша баштаган. 4-классынан баштап анын тарткан сүрөттөрү мектебиндеги залга илинген.

«Сүрөтчүлүк менин атамдан өткөн десем болот. Себеби атам да сүрөтчү болгон. Менин да кызыгуум күч. Интернеттен сүрөтчү Медер Келдеевдин тарткан сүроттөрүн көрүп, ого бетер кызыгуум арткан. Сүрөттөрдү ал тарткандай кылып тартууга аракет кыла баштадым. Ал эми дүйнөлүк сүрөтчүлөрдөн Леонардо да Винчинин эмгегине суктанам жана аны кумир тутам. Мен да ал сыяктуу сүрөтчү болгум келет», - деди ал.

Муратбек сүрөт боюнча Бишкекте өткөрүлгөн сынактар да катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келет. Көбүнчө портрет тартканды жактырат.

«Портрет адамдын сүрөтүн тартуу дегенди түшүндүрөт. Мен ошол тармакка жакынмын. Кээде пейзажга да өтүп, жаратылышты тарта берем. Графика тармагына да жакынмын, бирок боектон алысмын»,- деди сүрөчү.

Андан сүрөт тартып берүүнү сурангандар арбын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 757
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу