Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Эхинококкоз оорусу кантип жугат?

Turmush -  Баткенде эхинококкоз оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Аким Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, аталган илдетке 2016-жылы Баткен району боюнча 6 адам кабылган. 2017-жылдын 6 айында эле 6 адам бул оору менен дарыгерлерге кайрылды. Алардын төртөө облустук ооруканада, бири Бишкек шаарында, дагы бири Ош шаарында операция жасаткан.

«Эхинококкоз менен ооругандарын саны көп. Эхинококкоздун ыйлакчалары адамдын денесинде көп убакыт билинбей өскөндүктөн адамдар ооруканага кайрылышпайт. Эхинококкоз менен ооруган адамдын боорунда, өпкөсүндө жана мээсинде ыйлакчага окшош эхинококктун личинка формасы пайда болот. Эхинококкоздун өзгөчөлүгү анын көп жылдар бою клиникалык белгилеринин сыртынан билинбей өсүшүндө. Качан гана ыйлакчалар чоңойгондо адам өзүн жаман сезип дарыгерге кайрылат», - деди Абдуллаев.

Оорунун жалпы белгилерине алсыздык, баш ооруу, айрым учурларда дененин кычышуусу, шишик жана ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү кирет. Мындай абалга түшкөн адамдар тезинен дарыгерге кайрылуусу зарыл. Эхинококкоз оорусу башталышында дары-дармекти туура пайдаланса бул дартты айыктырууга мүмкүн. Өтүшүп кеткенде хирургиялык операция кылуу талап кылынат.

Бул оору көбүнчө ит аркылуу жугат. Ит адамга жакын жашаган жаныбар. Эгер ит эхинококкоз менен ылаңдаса, ал өзүнүн ээсине жана айланасындагы адамдарга жугузушу мүмкүн. Ооруган иттин ичегисинде эхинококктун личинкалары жыныстык жактан жетилген мите куртка айланышат. Ит заңдаганда аны менен кошо эхинококктун жумурткалары сыртка чыгып, топуракка сууга, чөпкө түшүп айланага тарайт. Иттин кургап калган заңындагы эхинококктун жумурткаларын шамал туш тарапка учуруп алып барып таштайт. Алар жайыттарга, бакча, оозу ачык калган идиштерге түшүшү ыктымал. Бул жумурткалар айлана-чөйрөнүн катаал шартында өтө туруктуу келишет. Алар аязга, ысыкка чыдамдуу келип, нымдуу жерде көпкө сакталат.

Эгерде эхинококк ыйлакчасы боордо жайгашса анда ал адамдын өңү керсары тартып, оң жак кабыргаларынын асты, оң колунун жана аркасынын ооруксунганы сезилет. Эгерде ыйлакчалар өпкөдө болсо анда адамдын дем алуусу кыйындап, энтиккени, кан түкүргөнү, көкүрөгүнүн ооруганы жана катуу жөтөлгөнү байкалат. Айрым учурда эхинококкоз дарты адамдын денесинде билинбей жүргөн кургак учук, аллергия, бөрү жатыш сыяктуу дарттарды козгойт. Эгер адам эхинококкозду жуктуруп алса, орточо эсеп менен аны дарылоого 50 миң сом кетет. Бул суммага операцияга жана дарыга кеткен чыгымдар кирет. Оорудан сактануу үчүн эң башкысы өздүк гигиенаны сактоо керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×