При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Лейлектик Гүлмира апа Таласка 35 миң сомдук килемдерин алып келди (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Маргун айылынын 60 жаштагы тургуну Турдубаева Гүлмира апа Таласка 35 миң сомдук килемдерин алып келди. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Анын айтымында, килемдерди Баткендин Таласта өтүп жаткан маданият күндөрүнүн алкагында алып келген. Аларды келиндери менен биргеликте жасайт.

«Мен кичинемде үйдө 9 кыз элек. Энем чебер болгондуктан барыбызга килем соктурчу. Үйдө жумушчу кол көп болуп, килемге басым жасаганбыз. Энем эжемдерге үйрөтүп, алар бизге үйрөтүп отуруп, 5-классымдан баштап килем согуп келе жатам.

Килем согуу үчүн биринчи койдун жүнүн тазалап тытып алабыз. Жүндү ийрип, жытын кетире жууп, боекко салабыз. Жүндөн жип жасап, ошол жип менен килем согобуз. Станок менен туурасы 3 метр, узуну 8 метрге чейин килем согулат. Бул килемди 15 күндө согуп бүтүрөбүз. Биринчи килемдин оюмдарын түшүрүп алабыз. Бул иш кылдаттыкты, изденүүнү талап кылат. Негизи килем токугандардын барын математик деп ойлойм. Бир жибин туура эмес санасаң, көп мээнетиң бузулуп калат.

2014-жылдан баштап көп кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келем. Мээнетимдин аркасынан Азербайжандын Баку шаарына симпозиумга орнамент фестивалына катышууга жолдомо алып, барып келдим. Килемдерим көлөмүнө жараша 25-35 миң сомго бааланат», - деди ал.

Гүлмира апа жолдошу Эгемберди Турдубав экөө 2 уул, 2 кызды чоңойтушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 677
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу