При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Кадамжайлык Ы.Сулайманов чет өлкөгө чейин сатылган 1000 баш гиссар койлорду багууда (видео)

Turmush -  Кадамжайлык Ысмайыл Сулайманов гиссар породасындагы 200 койдун башын 8 жылда 1 миңге жеткирди. Аймактык кабарчы чабан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгач ангор породасындагы эчкилерди бакчу.

«1995-жылы «Эркин» фермерлик чарбасын ачып, иштете баштадым. Бул фермерлик чарбаны ачуу мага өтө оор болгон. Чарбаны ачууга толук күчүмдү жана бар байлыгымды бердим. Чарбада алгач ангор эчкилерди багып баштаганбыз. Ангор эчкилери жүн багытында болгондуктан өндүрүлгөн жүндөр 2009-жылга чейин жакшы баада сатылып келди. Бирок, ошол жылдан тарта айрым себептер менен эчкинин жүнү арзандап кеткендиктен ангор эчкилерди толугу менен 200 баш гиссар койго алмаштырып, кой багууга өттүм. Ал арада гиссар койлорун Тажикстандан алып келип, Кыргызстандагы гиссар койлоруна кошуу менен асыл тукум койлорду ала баштадык. Учурда койлордун саны миңге жетти. Анын ичинен 500дөн ашууну төл берүүчү койлор.

Койлор жай ичи Кадамжай жана Чоң-Алай районунун аймактарында багылат. Кышкысын короого алынып келет. Кыш ичи койлорго 6 миң түк беде, 30 тонна жем керектелет. Чөп алуу үчүн 20 гектар жерди ижарага алып, ал жерден чөп жыйнайбыз. Койлор жаз-күз айларында гана кочкорлорго кошулат. Көпчүлүк учурда төл убагы кыш айларына туура келет. Жылына 500гө жакын козу алынат», - деди ал.

Фермер буга катар эле, жыл сайын жүздөгөн козу кочкорлорду сата турганын кошумчалады.

«Гиссар койлор салмактуу, бойлуу болгондуктан базарда жакшы сатылат. Мисалы гиссар породасындагы козу кочкор базарларда салмагына карап 20 миң сомдон жогору сатылат. Гиссар кочкорду жакшы карап бакса, бою 1,5 метрге жетип, салмагы 100-150 кг ашат. Салмактуу кылып багуу үчүн көп убакыт жана мээнет талап кылынат. Мен кочкор багып сатпайм. Анткени кочкор багууга убакыт жок. Ошондуктан жаш кезинде эле сата берем.

Кой багуунун жана анын санын көбөйтүүнүн да сырлары көп. Мен ушул жыл аралыгында төл алуучу койлорду гана алып калып, калганын сатып, кайра төл берүүчү койлорду алып жүрүп санын көбөйттүм. Учурда менин чарбамдагы кочкорлорду, койлорду Кадамжай, Чоң-Алай райондорунун эли атайын издеп келип, асыл тукум койлорду көбөйтүүгө алып кетишет. Тажикстандан да келип алып кеткен учурлар болот.

Жыл сайын жүздөгөн козу кочкорлорду базарга алып чыгып сатабыз. Алардан түшкөн каражат үй-бүлөнү багууга жана койлордун чөп-жемине керектелет. Койлорду бардык бала-чакам менен багабыз. Мал багуу үчүн анын артынан жүрүү керек. Балдарым да буга чейин бир топ кыйынчылыктарын көрдү. Эми жакшы нерселерге жетишип жаткан учурубуз. Кээде отуруп, ушунча жыл кылган эмгегим балдарым үчүн акталды бекен деп ойлоп калам. Биздин негизги тамагыбыз ушул мал чарбачылыгы. Мен 70 жашка толдум, өмүрүмдүн көпчүлүк убактысын мал чарбачылыкка арнадым», - деди Ысмайыл Сулайманов.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2232
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу