Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Жаш талант: Баткендик окуучу Бекжол математика боюнча дүйнөлүк олимпиаданын коло медалын алып келди

Turmush -  Кадамжайдагы лицейдин окуучусу Бекжол Жолдубай уулу Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада коло медаль алып келди. Аймактык кабарчы окуучу менен таанышты.

Анын айтымында, олимпиада 17-19-июль күндөрү өткөн. Ага 112 өлкөдөн келген 612 окуучу катышкан. Бекжол буга чейин Казакстан жана Гонконгдо өткөн олимпиадаларга катышып келген.

«Мен Лейлек районунун Кулунду айылында чоңойгом. 8-классымдан тартып олимпиадага даярданып жүргөм. Геометрия предмети боюнча олимпиадаларга катышып, ийгиликтерди багынта алдым. Кийин математикага кызыгып, былтыр Гонконгдогу дүйнөлүк олимпиадага барып, медалга жетпесем да тажрыйба алып келгем», - деди ал.

Бекжол компьютердик инженерияга кызыккандыктан келечекте ошол багыт боюнча билим алууну пландап жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5892
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×