Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Баткендеги көчөдө канализациядан саркынды суу ашып, ыңгайсыздыктарды жаратууда

Turmush -  Баткен шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндө канализациядан саркынды суу ашып, жергиликтүүлөргө ыңгайсыздыктарды жаратууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, суу көчөнү жана ветлабораториянын короосун каптап жатат. Учурда күн ысык болгондуктан канализациядан чыккан жагымсыз жыт ыңгайсыздыкты жаратууда.

Таңга маал жана кечке маал шаар тургундары үйлөрүндө суу көп колдонгондо аталган жайга канализациялардан келген суу толуп, сыртка ашат. Аны атайын оңдоп-түзөө үчүн тиешелүү кызматтардын кызматкерлери 1 жума мурун текшерип, люктун бетин ачып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1188
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×