Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 02.08.2017 15:12

Кадамжай райондук ЖААКтын жетекчиси болуп К.Жусупова дайындалды

Turmush -  Кадамжай райондук жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп Кыял Жусупова дайындалды. Акимчиликтин маалыматына караганда, жаңы жетекчи бүгүн, 2-августта эмгек жамаатка тааныштырылды.

Кыял Жусупова 1978-жылы туулган. 2015-жылга чейин Юстиция министрлигинде иштеген. 2015-2016-жылдары Кадамжай шаардык мэриясынын оор турмуш шарттагы жана зордук-зомбулукка дуушар болгон балдарга жардам берүү борборунун директору болуп эмгектенген.

Ал эми, жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Гүлзат Бакиева ишинен которулуп, Ноокат райондук жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×