Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Жазгүл сулуулук салонунда иштеп, кооз чач жасалгаларды жасайт (фото)

Turmush -  Баткен районунун Бужум айылынын 21 жаштагы тургуну Жазгүл Бурканали кызы ар кандай сувенирлерди жасайт. Аймактык кабарчы чебер кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 7-классынан тартып кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Мектепте окуп жүргөн кезимде эле кол эмгек сабагына кызыкчумун. Ал сабактан мугалимдин берген тапшырмаларын так аткарып, өз алдымча буюмдарды жасай берчүмүн. Учурда бул өнөрүм менен көп эле жерге пайдам тийип жатат десем болот. Бирок мунун артынан киреше таба элекмин. Жөн гана керектүү учурларда башкаларга жасап берем», - деди ал.

Чебер кыз учурда сулуулук салонунда иштейт. Ал жерде да турмушка чыкчу кыздардын курбулары үчүн материалдардан кооз чач жасалгаларды, кооздуктарды жасап берет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1791
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×