При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы болуп А.Абдырайимов шайланды

Turmush -  Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы болуп Алтынбек Абдырайимов шайланды. Бул тууралуу Кадамжай шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 1-августта Кадамжай шаардык кеңешинин 5-сессиясы өтүп, шаардык кеңештин төрагалыгына 3 талапкер көрсөтүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 1-турда көрсөтүлгөн 3 талапкер жетиштүү добуш алышкан эмес.

Ал эми, 2-турда кайрадан 3 талапкер — КСДП патиясынан Чыңгыз Нуматов, «Өнүгүү-Прогрес» партиясынан Шамши Тагаев, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Алтынбек Абдырайимов көрсөтүлдү. Жыйынтыгында 12 добуш менен Алтынбек Абдырайимов жеңип чыкты.

Алтынбек Абдырайимов 1986-жылы туулган. 2010-2011-жылдары Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында эмгектенген. Учурда жеке ишкерлик менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 835
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу