При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: Баткендик 17 жаштагы Баяман химия боюнча Таиландда өткөн олимпиадада коло медаль алды (фото)

Turmush -  Баткен районунун Орто-Боз айылындагы мектептин 10-класстагы окуучусу Баяман Базарбаев химия предмети боюнча Таиландда өткөн олимпиададан 3-орунду ээлеп, коло медаль алып келди. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, 78 өлкөдөн келген 300дөн ашык окуучу катышкан олимпиада 6-июлдан 15-июлга чейин өттү.

«Мен 2 жылдан бери химия предметин тереңдеп окуп келем. Буга чейин Азияда өтүүчү Менделеев олимпиадасына да катышып, өзүмө тажрыйба алдым. Бирок медалга жете алган эмесмин. Мен андан дүйнөлүк олимпиадага катышуу үчүн окуучунун деңгээли университеттегидей болушу керектигин, ар тараптуу маалыматтардын зарылдыгын түшүндүм», - деди ал.

Ал Кыргызстанда билимге болгон бардык шарттар түзүлсө, окуучулар ийгиликтерди багынтууга даяр экенин кошумчалады.

«Албетте, биз да башка өлкөлөрдөй болуп алдыга озгубуз келет. Ал үчүн окуучу да, мугалим да, ата-эне да билимге катуу көңүл бурушу шарт жана тажрыйбалуу мугалимдердин санын көбөйтүү керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 617
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу