При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Жаш талант: 9 жаштагы Фирдаус кыргызча ырлар менен сынактарга катышууда (видео)

Turmush -  Лейлек районунун Андарак айылынын 9 жаштагы тургуну Фирдаус Хайдаркулов тажик улутунан болгонуна карабай кыргызча ырларды жакшы ырдайт. Аймактык кабарчы жаш ырчыдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ар кандай сынактарга катышып келет.

«Мен Кыргызстанда жашайм жана кыргыз жерин сүйөм. Албетте, эне тилимди да унутта калтырып койгон эмесмин. Мага негизинен ата-эне, мекен туурасындагы ырлар жагат. Мен ырлар менен Бишкекте өткөн ыр сынактарга тажик диаспораларынын атынан катышып келгем», - деди ал.

Фирдаус көпчүлүк убактысын ыр жаттоо, ырдоо менен өткөрөт. Келечекте мыкты обондорду жараткысы келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 576
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу