Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык С.Чакаева 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен тиричилик кылат (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 63 жаштагы тургуну Сардалкан Чакаева 30 жылдан ашуун убакыттан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, түйгөн кийимдерди 150 сомдон баштап 1500 сомго чейин сатат.

«Бала кезимден бери кол өнөрчүлүккө кызыгып келем. Көбүнчө сайма сайып, кыздардын себин даярдап, жаш балдардын, кыздардын баш кийимдерин, моюн орогучтарды, кемселдерди түйөм. Алгач Өзбекстандан чыгарылган жиптерди колдончумун. Бүгүнкү күндө Ирандан алынып келген жиптерди колдонуп жатам. Анткени сапаты жагынан бир топ жакшы жана өңүн жоготпойт.

Үйрөнүүнү каалаган кыздардын саны арбын. Алардын барына үйрөткөнгө аракет жасайм. Өзүм түйгөн буюмдарымды 150 сомдон баштап 1500 сомго чейин сатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 752
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×