Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

Жаш талант: Баткендик Н.Нарманов грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпиондугун багындырган (фото)

Turmush -  Баткендик 20 жаштагы Нурмухамед Нарманов — грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпиону. Аймактык кабарчы спортчудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Баткен облусунун Лейлек ройонунда өскөн. Окуучулук кезинен бери грэпплинг, тай бокс менен машыгат.

«Мен машыгуу залына келгенде балдардын эң күчтүүсү болууну максат кылгам. Машыктыруучум Нурбек Оросулбаев спортто эле эмес, жашоого умтулуп, туура жашаганга аракет кылуу керектигин айтып келет. Ага машыктыруучум Кенжебек Чекиров ийгилик жаратуума өз салымын кошууда. Алардын колдоосунда Кыргыз Республикасынын грэпплинг боюнча чемпиону болууга жетиштим.

Ал эми, тайбокс боюнча республика боюнча 3-орунду ээлегем. Эрежесиз эр урушта Чүй облусу жана Бишкек шаарынын чемпиону болууга жетиштим», - деди ал.

Спортчу учурда Чүй облусунда жашап, машыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 824
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×