При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Эл ичи — өнөр кенчи: Баткендик Бектурали ырлары менен сынактарга катышууда (фото)

Turmush -  Баткен районундагы Сай айылынын 21 жаштагы тургуну Бектурали Исамидин уулу мектеп курагынан бери ыр жазып келет. Аймактык кабарчы жаш акын менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ырлары менен көптөгөн сынактарга катышып, алдыңы орундарга жетишкен.

«Үй-бүлөдө атам ыр жандуу. Илхамы келген учурларда калем кармап, ырларын жазып калат. Мага ыр жазуу таланты атамдан өтсө керек. Ушул жылы өзүмдүн алгачкы китебимди басып чыгаруу алдында турам. Апам мугалим болуп иштейт. Бала кезимден китепке жакын чоңойдум. Кыргыз элинин акын-жазуучуларынын чыгармаларын ынтызарлык менен окуп чыкчумун. Учурда туулган жер тууралуу ырларым басымдуу кылат. Учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде 3-курста окуп жатам. Келечекте кыргыз элине ак кызмат кылып, тарых барактарында кала турган адам болгум келет», - деди ал.

Жаш акын үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Тамыры сымал өмүрдүн,
Тар жолдо сырдаш көрүндүң.
Темасыз жазган ырларым,
Толкуну болгун көлүмдүн.
- - -
Байкоону салба бийиктен,
Барысын туйгун билип сен.
Башкасын эмне кыласың,
Бактыңа келген жигит мен
- - -
Алыста жүрсөм эгер сагындырып,
Арзууга айып такпа шагың сынып.
Багымда жанып турган жалгызымсың,
Барамын, күткүн эркем сабыр кылып.

- - -

Акыйкат жанга дабаа тунук суусу,
Асманда бийик калкыйт улук туусу.
Учугун бек сактаган кыргыз эли,
Улуттун укмуштуудай туруктуусу
- - -
Душмандар басып келбей алышканы,
Доорунда ыза болгон жарышканы.
Конушун карегиндей кастарлаган.
Кыргыздар Азиянын арстаны,
- - -
Ырыма ырыс берген саптарымсың
Ырдалып бүтпөй турган дастанымсың.
Атыңды башка менен алмаштырбай,
Аярлап жүрөгүмө катканым чын.
- - -
Колума оңой келип алыстагым,
Керемет апам менен жарык таңым.
Башымдан сылап кээде эркелетчү,
Балбаным, эр билегим, арстаным.
- - -
Алты тамга санап келсең болгону,
Ак батага толуп турат колдору.
Акыйкатта чындык экен байкадым,
Ата-энем бейишимдин жолдору.

- - -
Отумду тутандырган жел экенсиң,
Ооматым анан калса берекемсиң.
Багымда жалгыз гүлдүн орду турат,
Байкасам ошол гүлүм сен экенсиң.
- - -
Түйүнүн калыс ойдун чече билсең,
Турмушун кызык отот кечегиңден.
Акылын бар кезинде үлгүрүп кал,
Абийриң кете электе этегиңден.

- - -
Улууга кантип жанашам,
Урматым алсыз карасам.
Ушуга деле шүгүр деп,
Уйкуга кетип баратам.
- - -
Мекендин анты эсиңде,
Майданда жоонун бетинде.
Элине каалап амандык,
Эр жигит элдин четинде.
- - -
Ак калпак

Атакем айткан жашымда,
Ак калпак болсун башыңда.
Кылымдан кылым карыткан,
Калпагым чындап асыл да.
- - -

Кийизден тандап тигишет,
Көркүнө даңкы сиңишет.
Калпакта дөөлөт бардыгын,
Кийгендер гана билишет.
- - -
Көркүнө берип сулуулук
Кош колдоп жандайт улуулук
Жайында тосуп ысыктан
Кышында берет жылуулук.

Уялам

Балам эртеден бери кир жууйм, алым куруп, шайым кетти. Атаңа да тамак даярдаганга үлгүрбөй жатам. Мага жардамдашып тиги кирлерди сайдагы суудан чайкап келип берчи.

- Иий апа. Көчөдө досторум жүрөт. Эркек башы менен кир көтөрүп жүрөт деп маскара кылышат, уялам.

- Мейли балам, көңүлүнө жакканын жасай бер. Бирок эсиңде болсун апасына жардам берүү уят эмес.


Элеттин уулу Ташмылтык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 628
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу