Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

Мекендештер: Баткендик М.Тажибаев 7 жылдан бери Түркиядагы логистикалык борбордо иштеп жатат (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Айдаркен шаарында өскөн 32 жаштагы Муратбек Тажибаев Түркиянын Стамбул шаарындагы логистикалык борбордо эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы алыстагы мекендешибизден кабар алды.

Анын айтымында, алгач көптөгөн ишканаларда иштеген. Акырында логистика секторун таап, 7 жылдан бери ушул тармакта иштеп жатат.

«2007-жылы Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдин негизинде магистратурага келгем. Ошол бойдон ушул жерде жумуш таап, иштеп калдым. Бул жактын эли меймандос келет. Жай мезгили аябай ысык болгондуктан жаңы келгенде аба ырайына көнө албай жүрдүм. Стамбул шаары 2 деңиздин ортосунда болгонуктан кар аз жаайт. Кара суук болгондуктан биринчи жылдары көнбөй кыйналдым. Жаңы келген учурда түрк эли мени кытай, корей же япон дешип, атымды сураганда Мурат десем, «сен бул жакка келип атыңды өзгөртүп алыптырсың, өзүңдүн атың ким?» деп сурашчу», - деди ал.

Мекендешибиз логистикалык ишинен тышкары «Кыргызстан» достук жана маданият коомунун жооптуу катчысы болуп иштейт.

«Мен Стамбулга келгенде кыргызстандыктардын көбү фирмаларда орто жана жогорку кызматтарда иштешчү. Айлык маяналары бир аз жогору болгон. Акыркы убакытта эмгек мигранттары көп болгондуктан айлык маяна түшүп кетти. Бирок, тажрыйбалуу кыргыздар жогорку кызматтарда иштеп жатышат. Азыркы учурда Түркия менен Россиянын ортосунда жүк ташыган логистикада экспорт бөлүмүндө иштейм. Ошол эле убакытта «Кыргызстан» достук жана маданият коомунун жооптуу катчысымын. Келечекте өз мекенимдин өнүгүшү үчүн бардык жактан салым кошкум келет», - деди ал.

Муратбек Тажибаев 1 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1148
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×