Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баткен

Кадамжайдагы оорукананын директору болуп 31 жаштагы З.Баймуратов дайындалды

Turmush -  Кадамжай аймактык ооруканасынын директору болуп 31 жаштагы Залкар Баймуратов дайындалды.

Оорукананын маалыматына караганда, ал 2010-2015-жылдары Ош шаардык клиникалык ооруканасында кардиолог, 2015-жылы Баткен облустук бириккен ооруканасында директордун орун басары, андан кийин 2 жыл 8 ай Айдаркен жалпы дарыгерлик борборунда директор болуп иштеген.

(Залкар Баймуратов)

3

Ал эми, Кадамжай аймактык ооруканасынын директорунун орун басары болуп 29 жаштагы Мирлан Эназаров дайындалды. Ал мындан мурда Сүлүктү жалпы дарыгерлер борборунда директордун орун басары, Кадамжай аймактык ооруканасында травматолог болуп иштеп турган.

(Мирлан Эназаров)

2

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2939
Көп окулду
×