Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

Түндө Төрт-Гүл суу сактагычына түшкөн 34 жаштагы адам сууга чөгүп каза болду

Turmush -  Кечээ, 25-июлда Баткен шаарынын 1983-жылы туулган тургуну А.Т. Төрт-Гүл суу сактагычына чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал суу сактагычка саат 22:10 чамасында барып чөгүп кеткен. Кырсык тууралуу ӨКМге бүгүн, 26-июлда маалымат түшүп, 13 куткаруучу окуя болгон жерге барышкан. Анын денеси эртең менен саат 7:00 чамасында табылып, туугандарына тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1379
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×