Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Кадамжай шаарындагы жолдорго асфальт төшөлүүдө (фото)

Turmush -  Кадамжай шаарынын жолдоруна жаңыдан асфальт төшөлүп, кеңейтилүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Вице-мэр Чыңгыз Тагаевдин айтымында, шаардын ички жолдору акыркы 30 жылдан бери толук оңдоп-түздөөдөн өтпөй, начар абалга келген. Бүгүнкү күндө жолдорду кайра калына келтирүү максатында мамлекеттик бюджеттен 15 млн 700 миң сом бөлүнүп, А.Орозбеков көчөсүнө 1,5 чакырым, Северный көчөсүнө 800 метр, Лесхоз көчөсүндө 1,4 чакырымга асфальт төшөлүүдө. Асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жаткан учурда жолдорду кеңейтүү үчүн жергиликтүү тургундар тарабынан жолдун четине чыгарылып тосулган 450 метр тосмо дубалдары сүрдүрүлгөн.

Андан сырткары, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 346 миң сом каралып, Северная көчөсүндө жер астындагы суу түтүкчөлөр, канализациялар алмаштырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 801
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×