Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Кызыл-кыялыктар футбол аянтына табигый чөп өстүрүүдө

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу кичи районунун тургундары футбол аянтчасына табигый чөп өстүрүп жатышат.

Жергиликтүү тургун Максатбек Мамыровдун айтымында, аянтчага 2014-жылдын май айында кошуна айылдан атайын чым чөп алынып келген. Андан 5 ай өткөн соң чөп өнүп чыгып, аянт пайдаланууга берилген.

«Буга чейин бул аянтча топурак болуп, чаң басып жаткан. Кийин тургундар уюшуп, өздөрү насос алып, жерди казып, кошуна айылдан чөп алып келишкен. Албетте, жасалма чөптөн куралган ойноо аянтчалары футбол ойногондор чалынып жыгылган убакта кооптуу болот. Ошон үчүн табигый аянтчаны жасап алдык», - деди ал.

Футбол аянтча мектептин карамагында болгондуктан негизинен окуучулар ойношот. Чөптү атайын чаап, тазалап турушат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1529
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×