Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

80 млн сом карызы бар «Кадамжай» сурьма комбинаты кайрадан иштей баштайт

Turmush -  2013-жылдан бери өндүрүшү токтоп калган «Кадамжай» сурьма комбинаты кайрадан иш баштоо алдында турат. Бул тууралуу комбинаттын өдүрүштүк цехинин жетекчиси Байзак Исаков билдирди.

Анын айтымында, учурда комбинатта кайра иштетүүчү 600 миң тонна сырье бар. Август айынан иш башталса, 3 жыл аралыгында кытайлар менен биргеликте кичи завод иштетилип, кирешенин 50%ы өздөрүнө калат.

Дүйнөлүк деңгээлдеги металлургиянын 14 түрүн чыгарган «Кадамжай» сурьма комбинаты 1936-жылдан тарта союз ыдыраганга чейин иштеп келген. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта комбинат токтоп, 2005-жылы КРнын Мүлк фонду тарабынан чет өлкөлүк инвесторлорго сатылып кеткен. Казакстандык инвесторлор иш баштаган кезде комбинаттын карызы 300 млн сомго жеткен. 2013-жылга чейин комбинат 6 млн тонна продукция өндүрүп, карыздын 60%ы төлөнгөн. Бирок, ошол эле учурда ишкананын 10 объектиси аласасы барлардын карамагына өтүп кеткен.

Ал эми, акыркы 3 жыл аралыгында ишкана продукция өндүрбөй, карыз кайра көбөйө баштаган. Анткени чет өлкөдөн алынып келүүчү концентраттын баасы жогорулап, иштелип чыккан баасынан жогору көрсөткүчтө болгон. Комбинат өндүрүш өндүрбөгөнү менен 200дөй кызматкер айлык маянасын, ал эми 200дөй ардагер пенсиясын алып келе жатат. Анткени келишимдин негизинде жумуш орундар менен камсыз болушу керек. Мындан улам комбинаттын карыздары үзүлмөк тургай көбөйгөн. Учурда комбинаттын салык кызматынан 30 млн сом, «Ош электр» ишканасына 23 млн сом, Социалдык фондго 27 млн сом, жалпысынан 80 млн сом карызы бар. Карыздар төлөнбөй, өндүрүш өндүрүлбөсө КРнын Мүлк фонду кайра ишкананы алып коюуга укугу бар.

Комбинат учурда кытайлык инвесторлордун жардамы менен жаңы иш баштоо алдында турат. Тактап айтканда, ишканадагы 600 миң тонна кайра иштетүүчү сырьену кайра өндүрүүчү кичи ишкана ачылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 945
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×