При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Баткендеги «Айдаркен» сымап комбинаты кайрадан иштей баштайт

Turmush -  Баткендеги «Айдаркен» сымап комбинаты кайрадан иштей баштайт. Бул тууралуу комбинаттын жетекчиси Толубай Салиев билдирди.

Анын айтымында, комбинат 18-июль күнү кыргызстандык ишкана менен кызматташуу боюнча келишим түздү. Комбинат толук кандуу иштеп кетсе, миңге жакын адамга жумуш орду түзүлүп, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө салык түшөт. Аймакта сымаптын дагы 40 жылга жетчү кору бар.

Комбинат акыркы 2 жыл аралыгында инвестордун жоктугунан иштебей турган. Анын шахтасын 2009-жылы суу каптап кетип, сууну тынымсыз сордуруп турууга аргасыз болушкан.

Ошондой эле, 1967-жылы орнотулган тетиктердин эскилиги жеткендиктен аны алмаштыруу зарыл. Ушундай ири көлөмдөгү чыгымдардан улам көп инвесторлор комбинат менен иштешүүдөн баш тартып келген.

«Айдаркен» сымап комбинатынын карызы 40 млн сомго жетти

«Айдаркен» сымап комбинатын иштеткенге инвестор жок, - акимчилик

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 762
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу