Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Баткенде айыл чарба продукциясынын көлөмү 3,8 млрд сомду түздү

Turmush -  Баткенде 2017-жылдын 6 айында айыл чарбасында өндүрүлгөн дүң продукциянын көлөмү 3 млрд 787,7 млн сомду түздү. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилигинин аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижон Хамрабаев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда аз. Жазында мөмө-жемиштерди үшүк алып, жаздын 1 ай кеч келгенинен улам түшүм өткөн жылга салыштырмалуу 5,2% төмөндөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1314
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×