При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Баткенде дайынсыз жоголгон А.Сабировго окшош адам Сырт айылында нан сурап жүрөт, - өздүк булактар

Turmush -  Баткен облусунун Айдаркен шаарынын Сырт айылында акыркы 15 күндөн бери белгисиз адам үйлөргө кирип, жашоочуларды коркутуп, акча, нан, суу жана башка нерселерди сурап жүргөнүн аймактык кабарчыга өздүк булактар маалымдады.

Маалыматка караганда, ал адам Баткен районунун Таян айылынан 5-июлда дайынсыз жоголду деп изделип жаткан Абдималик Сабиров болушу мүмкүн. Тургундар аны бир нече ирет кармоого аракет кылышканы менен карматпай качып кеткен. Айрым маалыматтарга караганда, Абдималик Сабировдун аялы Сырт айылынан болот.

Бул окуялардан кийин Таян айылынын тургундары Абдималик Сабировду Сырт айылына келип издеп, бирок таппай кетишкен. Абдималик Сабировдун туугандары ал психикалык жактан жабыркаганын да айтышкан.

Ал эми, милициядагы өздүк булактар белгисиз адам нан сурап тургундарга кайрылганы тууралуу маалымат бар экендигин, ал адамдын ким экендигин тактап жатышкандыгын билдирди.

А 15

Окуя тууралуу:

Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян айылынын 1972-жылы туулган тургуну Абдималик Сабиров 5-июлдан бери дайынсыз жоголуп, табылбай жаткандыгы кабарланган.

Кошуналарынын айтымында, ал тоо тарапка чыгып кеткен. Туугандары өз алдынча издеп, жыйынтык чыкпагандыктан 11-июлда милицияга кайрылышкан.

ӨКМдин кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар аны Таян айылынын күн чыгыш тарабындагы тоолордон издеп, табышкан эмес. Милициядан 10 кызматкер, жергиликтүү элден 30 адам издөө иштерин жүргүзгөн.

Абдималик Сабиров үй-бүлөлүү. Биринчи аялынан 2 баласы бар. Аны менен ажырашып, экинчи жубайы менен 3 балалуу болушкан.

19-июлда дайынсыз жоголгон Абдималик Сабировду издөө аракеттери токтотулгандыгы белгилүү болгон. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, бирок натыйжа болбогондуктан 18-июлда анын туугандарынын жазып берген катынын негизинде издөө иштери токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1102
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу