Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

Эл ичи — өнөр кенчи: Баткендик 23 жаштагы Дастан Голландияда өтүүчү бий сынагына катышат (видео)

Turmush -  Баткен шаарынын 23 жаштагы тургуну Дастан Турдалиев Голландия жана Словакиядагы боло турган дүйнөлүк бий сынактарына жолдомо утуп алды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бийчи жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, брейк-данс боюнча «Outbreak 2017» сынагы 28-29-июль күндөрү Словакияда өтөт. Ага дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн бийчилер катышат. Ал эми, «IBEnotorious 2017» бий сынагы 4-6-август күндөрү Голландияда өтүп, ага 100 өлкөдөн 3-4 миң бийчи катышат. Бул сынактарга ар бир мамлекеттен мыкты деп табылган бийчилер келет.

Дастан Орто Азиянын мыкты бийчилерин тандоо боюнча Казакстанда өткөн «Red Bull BC Central Asia» сынагында эң мыкты деп тандалган 8 бийчинин катарына кирген болчу. Ал брейк-данстан башка бийге кызыкпайт.

«2012-жылдан бери брейк-данс бийлейм. Бийди атайын бий ийримине барып үйрөнүп жүргөм. 5 жыл аралыгында жараткан ийгиликтерим көп болду. Ош шаарындагы бардык сынактардан биринчиликтерди багындырып келем. Ал эми, Кыргызстан боюнча 3 жолу биринчиликти багындыргам», - деди бийчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3838
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×