Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баткен

Лейлектин тургундарына 36 млн сомдон ашык насыя берилди

Turmush -  Лейлек районунда быйылкы жылы жазгы талаачылык иштерине карата дыйкан жана фермерлерге 36 млн сомдон ашык насыя берилди. Бул тууралуу Лейлек райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы И.Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында, насыя 6% жана 10% үстөк менен берилген. Анын ичинен дыйканчылык боюнча 39 адам 5320 миң сом, мал чарбачылык боюнча 92 фермер 30510 миң сом алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 963
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×