При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Видео - Москвадагы өрттөн жабыркаган кыргыз кыздардын бири 4 баланын, экинчиси 1 уулдун апасы

Turmush -  Москва шаарындагы соода борбордогу ири өрттөн жабыркаган кыргызстандык кыздардын балдары, үй-бүлөсү Баткен облусунда жашайт.

Жакындары менен байланышкан Turmush басылмасынын кабарчысы жабырлануучулардын бири 4 баланын, экинчиси 1 уулдун апасы экенин билдирди. Москванын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан «РИО» соода борборунда кечээ, 10-июлда чоң өрт чыгып, 18 адам жабыркаган. Имараттын ичинен 3 миңден ашык адам куткарылганын россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялады. Жабырлануучулардын арасындагы 1989-жылы туулган Рахатай Абдулаева менен Таалайкан Нурбекова Кыргызстандын жарандары экени такталган.

Рахатай Абдуллаева Россияда эмгектенип жүргөн жолдошунун артынан кеткенине 1 ай болгон. Анын 4 баласы учурда Сүлүктү шаарында туугандарынын колунда.

Таалайкан Нурбекованын дагы 2 жаштагы уулу бар. Ал 6 айдан бери Москвада иштеп, Кыргызстандагы туугандары менен жолугушуп кеткенине 1 жума болгон.

Учурда иске ууланган кыргызстандык кыздар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Видео: Телеканал 360

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8740
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу