Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик А.Сатыбаева 30 миң сомдук септерди даярдайт (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын тургуну Алима Сатыбаева кыздардын 30 миң сомдук септерин даярдайт. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.

Анын айтымында, чеберчилик менен алектенгенине 30 жылга чукулдады. Даярдаган септери Баткен облусунун аймагынан тартып, Бишкек шаарына чейин сатылууда. Бир кыздын себин даярдоого 1 айга чукул убакыт кетет. Учурда 2 кызы да кол өнөрчүлүк менен алек.

«Менин апам килем жана башка буюмдарды токуй билген аял болгон. Мен андан көрүп жүрүп кызыгуум артып, чеберчиликти үйрөнүп алдым. 30 жыл аралыгында тигүүчүлүктөн тапкан каражатка уул-кыздарымды жогорку билимдүү кылдым», - деди ал.

Чебер акыркы жылдары бешик төшөктөрүн сатат. Бешиктин баасы 4500-5000 сомго жетүүдө.

«Даяр бешикти алып келип, анын төшөктөрүн кызым экөөбүз тигебиз. Бешикке кардарлар абдан көп», - деди чебер.

Алима Сатыбаева 1 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1431
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×