Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларында ылаңдуу малдын эттери жок кылынды

Turmush -  Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларында бодо малдын 23 кг өпкөсү, 229 кг боору, ал эми кой-эчкилерден 4 кг боору жок кылынды. Бул тууралуу Баткен облустук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаарлардагы касапканаларда адистердин көзөмөлү менен 715 баш кой-эчки, 278 баш бодо мал союлган. Бодо малдын ичинен 7 баш мал эхинококкоз, 73 баш мал фасциолез оорусу менен ооруганы аныкталды.

Ошондой эле, 4 баш кой-эчки эхинококкозго, 37 баш фасциолезго кабылганы такталды. Алардын органдары да жок кылынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 847
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×