При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-август
68.66    80.81    1.16    KZT 0.21

Кадамжай шаарынын мэри болуп Б.Бегалиев шайланды

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай шаарынын мэри болуп Бакытбек Бегалиев шайланды. Бул тууралуу Кадамжай шаардык мэриясынан билдиришти.

мэр    

(Бакытбек Бегалиев)

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн, 7-июль күнү өттү. Ага «Ата Журт» мекенчил партиясынан Ахматали Нажимидинов менен «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Бакытбек Бегалиев ат салышты. Шайлоого жалпы 21 депутат катышып, Ахматали Нажимидиновго 9 добуш, Бакытбек Бегалиевге 12 добуш берилди.

Эки талапкер тең мурда Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1135
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу