Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

Кадамжайда жер титирөөдөн жабыркагандарга 45 батирлүү үй курулууда

Turmush -  2011-жылы жер титирөөдөн жабыр тарткан Кадамжай шаарынын тургундары үчүн курулуп баштаган 45 батирлүү үйдүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу облус жетекчилиги маалымдады.

Маалыматка караганда, имараттын курулушу үчүн Кадамжай шаардык мэриясы мамлекеттен 62 млн сом ссуда алган. Учурда курулуштун 95% аяктады. Жашоо үчүн бардык шарты бар, 1, 2 жана 3 бөлмөлүү бул батирлердин баасы 700 миң сомдон, 1 млн 200 миң сомго чейин бааланат.

1

Ошондой эле, Кадамжай аймактык ооруканасынын 2-бөлүгүнүн курулушу жүрүп жатат. Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган 3 кабаттуу, 150 орундуу имараттын жалпы сметалык баасы 78 млн сом. Быйылкы жылга 40 млн сом каралып, курулуш кызуу жүрүп жатат. Учурда имараттын биринчи кабатынын курулушу аяктаган. Оорукананын курулушу аяктаса, имаратка балдар бөлүмү, төрөт бөлүмү жана гинекология бөлүмү жайгаштырылат.

Аймактык оорукананын имаратынын биринчи бөлүгү 2016-жылдын декабрь айында аяктап, пайдаланууга берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1519
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Sezim91
12:07, 07 июля 2017
Окмот башчы Азамат! Ишти ылдам жана тез бутурот экен!
Көп окулду
×