Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 06.07.2017 17:17

Кадамжайдын Совет айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

Turmush -  Кечээ, 5-июлда өткөн шайлоодо Кадамжай районунун Совет айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды.

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, айыл өкмөт башчылыгына Кубанычбек Кутбаев жалгыз талапкер болгон. Шайлоого жалпы 11 депутаттын 10у катышып, 1 депутат келбей калган. Жыйынтыгында Кубанычбек Кутбаевдин талапкерлигин 5 депутат колдоп, 5 депутат каршы болгон. Добуштун жетиштүү болбой калганына байланыштуу жалгыз талапкер шайланбай калды.

Эми 15 күн аралыгында Совет айыл өкмөтүнүн башчылыгына башка талапкер көрсөтүлүп, шайлоо кайрадан өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×