Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 06.07.2017 12:21

КСДП партиясынын съездине катышууга Баткен облусунан 9 делегат шайланды

Turmush -  КСДП партиясынын XVI съездине катышууга Баткен облусунан 9 делегат шайланды. Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-июлда Баткен шаарында партиянын 100гө жакын делегаты катышкан жыйын өттү. Анда катышуучулар партиянын аймактык уюмдарынын иши тууралуу отчеттор менен таанышты. 9 делегат башка катышуучулардын добуш берүүсү менен тандалды.

Делегаттардын тизмеси:

- Кара-Булак айыл өкмөтүнөн Мыйзамов Камал;

- Суу-Башы айыл өкмөтүнөн Маркаев Каламбек;

- Кара-Бак айыл өкмөтүнөн Убаев Сүйүн;

- Аксай айыл өкмөтүнөн Анаров Саатбек;

- Дара айыл өкмөтүнөн Суранчиев Абдирашит;

- Кыштут айыл өкмөтүнөн Арзыбаев Маматамин;

- Баткен шаарынан Рахматов Эркин, Бурканов Маманазр, Амирова Улукбүбү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×