Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Баткен

М.Мумбаев Айдаркен шаарынын мэри болуп шайланды

Turmush -  Айдаркен шаарынын мэри болуп Мухубилла Мумбаев шайланды. Бул тууралуу Айдаркен шаардык мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, шайлоо бүгүн, 6-июлда өттү. Ага жалгыз талапкер катары КСДП партиясынан Мухубилла Мумбаев катталган. Шайлоого жалпы 21 депутаттын 19у катышып, Мухубилла Мумбаевди 17 депутат колдоп, 2 депутат каршы добуш берди.

Мухубилла Мумбаев 61 жашта. Ал мурда «Айдаркен» сымап комбинатында иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1435
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×