Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Баткен

Кайыңды айылында кыз-жигиттердин сармерден таймашы өттү (фото)

Turmush -  Адеп, ыйман жана маданият жылына карата Баткен районунун Кайыңды айылында сармерден оюну өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Ачык асман алдында уюштурулган сармерденде Дара айыл аймагынын жигиттери менен Кыштут айыл аймагынын кыздары таймашып, кыргыз элинин ырлары, макал-лакаптар, жаңылмачтар жана ыр-бийлер аткарылды.

Жыйынтыгында жигиттер командасы жеңишке ээ болуп, катышуучулар айыл өкмөт тарабынан акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2215
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×