Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Ысык-Көлдөгү мелдеште баткендик мугалимдер волейболдон 1-орунду ээледи

Turmush -  Ысык-Көлдө мугалимдер ортосунда спартакиада өтүп, волейбол боюнча таймашта Баткен облусунун командасы 1-орунду ээледи. Бул тууралуу оюнчу Арпидин Исманалиев кабарлады.

Маалыматка караганда, Баткендин командасынан 40 жаштан жогорку жаштагылардан түзүлгөн команда утту. 2-орунду Бишкектеги И.Арабаев университетинин мугалимдер командасы ээледи. Жеңүүчүлөр медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Оюндар 40 жашка чейинкилер жана 40 жаштан жогорку мугалимдерге өзүнчө уюштурулуп, футбол, шахмат, тогуз коргоол, ордо боюнча да мелдештер өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1384
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×